Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

“Азаттыктын” берүүлөрү Ошто жана Жалал-Абадда токтотулду


“Алмаз” жеке менчик радиостанциясынын жетекчилигине Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан “Азаттык” радиосунун берүүлөрүн обого чыгарбоо тууралуу көрсөтмө берилди.

“Мени Мамлекеттик байланыш агенттигинин Оштогу филиалына чакырып, оозеки түрдө “Азаттыктын” уктурууларын ободон чыгарбоо жөнүндө буйрук беришти”, - деп билдирди “Түштүк-Алмаз” радиосунун башкы жетекчиси Сергей Рахматуллин “Журналисттер” коомдук бирикмесинин аймактык кабарчысына. Байланыш агенттигинин өкүлдөрү мунун себебин түшүндүрүшкөн эмес жана документтерин да көргөзгөн эмес. Ошондой эле бүгүн “Азаттыктын” теле жана радио берүүлөрү Жалал-Абадда да токтотулду. Бүгүн Жалал-Абаддын мамлекеттик телерадио компаниясынан “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү чыкмак. (КЕ)

XS
SM
MD
LG