Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Бийлик Элдик курултайдын талаптарын ала элек


Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Алмаз Турдумаматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда талаптар расмий түрдө келип түшкөндөн соң, алар мыйзам чегинде каралып көрүлөт. А. Турдумаматов ага чейин эч кандай комментарий берилбестигин кошумчалады.
17-мартта өткөн Элдик курултай бийликке тарифтерди калыбына келтирүү, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектрону” мамлекетке кайтаруу, И. Исаков жана башка саясий себептен камакта отургандарды бошотуу, Конституциялык реформаны токтотуу, Максим Бакиев башында турган агенттикти жоюу, президенттин бир туугандарын бийликтен алуу, Бакиевдердин финансылык кеңешчиси Гуревичтин ишин текшерүү үчүн оппозиция өкүлдөрү кирген комиссия түзүү, сөз эркиндигин, “Азаттыктын” өлкө боюнча уктурулуусун камсыздоо талаптарын койгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG