Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Түштүктө антитеррордук машыгуу борбору курулат


Анда бардык күч органдарынын атайын отряддары машыгып, даярдыктан өтүшөт. Бул долбоорду ишке ашырууга АКШ өкмөтү 5,5 млн. доллар каражат бөлүүдө деп кабарлайт коргоо министрлигинин басма сөз кызматы. Аталган борбордун курулушу кыргыз-америка кызматташуусунун эл аралык, аймактык терроризмге, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка жана баңзаттардын ташылышына каршы күрөшүү тармагындагы долбоорду ишке ашыруу болуп эсептелет. КР коргоо министрлиги Кыргызстандын түштүгүнө жайгашуучу машыгуу борбору өлкөнүн ЖККУ жана башка эл аралык уюмдар алдындагы милдеттенмесин бузбайт жана үчүнчү бир мамлекетке каршы багытталган эмес деп маалымдайт.
Буга чейин АКШнын элчилиги кыргыз өкмөтү үчүн Баткенде антитеррордук машыгуу борборун куруу үчүн 5.5 млн. доллар каражат бөлөрүн маалымдаган. Белгилүү болгондой бул регионго Россия менен аскерий база куруу жагы сүйлөшүлүп, бирок ал ишке ашпай келүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG