Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Азия банкынын өкүлүн президент К.Бакиев кабыл алды


Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 18-мартта президент Курманбек Бакиев Азия өнүктүрүү банкынын Борбор жана Батыш Азия боюнча департаментинин жетекчиси Хуан Миранданы кабыл алды. Анда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын кызматташуусуна байланыштуу маселе талкууланды.Президент К.Бакиев транспорт, айыл чарбасы, билим берүү, инфраструктураны өнүктүрүү багында банк тарабынан Кыргызстанга берилип жаткан жардамга ыраазычылык билдирген. Тараптар ошондой эле Борбор Азиядагы суу-энергетика, транспорт жана соода багытында кызматташуусуна байланыштуу маселени да көтөрүшкөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG