Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Чүй облустук бийлиги 24-мартка кызуу даярдык көрүүдө


Бул туурасында облустук администрациянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Курманбек Дыйканбаев бүгүн “Азаттыкка” кабарлады. Анын билдиргенине караганда, 24-март күнү Чүйдүн 8 районунун борборунда майрамдык иш чаралар уюштурулуп, спорттук оюндар, ат оюндар жана ар кандай сынактар өткөрүлөт. Ал эми аймактагы саясий партиялар менен айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү 24-март күнүн утурлай район борборлорунда нааразылык акциялары өтөт деп кабарлаган. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "оппозициянын нааразылык акциялары майрамдык иш чараларга тоскоолдук кыла албайт",- деп ишенимдүү билдиришүүдө. (JJ)

XS
SM
MD
LG