Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Жетишпеген үй-бүлөлөргө ун таратуу улантылууда


Мамлекеттик материалдык резерв фондунун маалыматы боюнча 4 миң тоннадан ашуун ун ар бир үй-бүлөгө 32 килограммдан берилип жатат. Маалыматта белгиленгендей Жумгал районунун Миң-Куш айлынын тургундарына 150 тонна, ал эми Кара-Кулжа районунун Алайкуу айлынын жашоочуларына 5 тонна ун жиберилди. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттен бөлүнгөн ундун 55% таратылып берилди.
Айрым оппозициялык талдоочулар бийликтин жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бекер ун таратып берүү аракети электр энергия баасынын кескин жогорулашы менен күчөгөн кымбатчылыкка каршы тура албасын билдиришүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG