Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Тажикстан менен Түркмөнстан энергетика боюнча макулдашууларга жетишти


Кечээ Душанбеде президенттер Эмомали Рахмон менен Гурбангулы Бердымухаммедов жалпысынан алты келишимге кол коюшту. Биргелешкен маалымат жыйынында Рахмон түркмөн лидери менен негизги көңүлдү суу ресурстарын колдонуу, гидроэлектро станциялардын иши тууралуу маселелерге бурушканын билдирди.

"Тажикстандын позициясы өзүнүн жаратылыш ресурстарын колдонуп, элин электр энергиясы менен камсыздоо менен эле чектелбейт, - деп айтты ал. - Биз жалпы регионалдык кызыкчылыкты да эске алабыз".

Жетишилген келишимдердин арасында эки өлкө ортосунда аба каттамын кайра жандандыруу боюнча да документ бар. Каттам 1990-жылдардын этегинде токтоп калган эле.

XS
SM
MD
LG