Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Обама жаңы жумуш орундарын түзүү мыйзамына кол койду


АКШнын президенти Барак Обаманын ал мыйзамына ылайык, өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө дээрлик 18 млрд.доллар бөлүнөт. Акча жумушсуз калгандарды ишке алган бизнесмендерге салык төлөөдөгү жеңилдиктер үчүн берилет. Америкадагы экономикалык кризис башталгандан бери 8 млн.адам ишинен айрылган. Жакында бул мыйзамды Сенатта көпчүлүк колдоду. Ага демократтардын көпчүлүгү эле эмес, республикачыл сенаторлордон да 11 адам добушун берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG