Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

К.Бакиевдин ыңкылап тууралуу китеби басмадан чыкты


Бул тууралуу бүгүн парламент отурумунда президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Досалы Эсеналиев кабарлады. Анын айтымында, 2005-жылдагы март ыңкылабынын беш жылдыгына арнап “Март ыңкылабы: элдин тарыхый тандоосу” деген аталыштагы китебинде Курманбек Бакиев ыңкылаптын мыйзам ченемдүү көрүнүштөрүн жана өзгөчөлүктөрүнө илимий баа берип, өлкөнүн саясий өнүгүүсүндөгү кардиналдык өзгөрүүлөрдүн келип чыгуу себептерин ачып берген. “Андан тышкары жасалып жаткан жана алдыдагы ири социалдык-экономикалык реформанын багыттарына токтолуп, Кыргызстандын тышкы, дүйнөлүк саясаттагы орду, улуттук кызыкчылыктар жана багыттары, стратегиясы кандай болуусу керек өзүнүн баасын берген”, - дейт Д.Эсеналиев. Аталган китеп майрам алдында президенттин кол тамгасы менен ар бир депутатка белек катары сунуштады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG