Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 17-18-мартта Чүй облусунун Тепши капчыгайында агымы 2100 кубметр көлөмдү түзгөн сел жүргөн. Сел бир үйдү каптап, ичине ылай, кум толуп калган. Маалыматка караганда, жабыр тарткандар жана курман болгондор жок. (КЕ)