Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Быйыл Бишкекте бир нече мектеп курулат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Абдылдабек Чыныбаев билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Кара-Жыгач, Ак-Ордо өңдүү жаңы конуштарда мектептер салынып бүткөнү калды. Ошондой эле ордо калаада музыкалык багыттагы, өзгөчө зээндүү балдар үчүн мектептер курулат. Бул жылы шаардык бюджеттин эсебинен онго жакын мектеп, бала бакча салынып, ишке киргени турат.

2009-жылы өлкө боюнча 9 миңдей окуучуга ылайыкталган 43 мектеп курулган. Билим берүү министрлиги Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикке 2010-жылы 27 мектеп салуу сунушун жасаган. (AiJu)

XS
SM
MD
LG