Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Төрттүк Чыгыш Иерусалимде жөөттөргө жаңы турак жай курууну колдогон жок


Москвада Жакынкы Чыгыштагы чатакты жөндөө боюнча төртүлүктүн кеңешмеси өттү. Төрттүк Израил жана Палестин автономиясы арасындагы түз эмес сүйлөшүүлөрдү колдошту. Арачылар аркылуу сүйлөшүү, БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун билдиришинче, түз сүйлөшүүнү баштоодогу маанилүү кадам саналат. Төртүлүк ошондой эле Израилди Чыгыш Иерусалимде жөөттөр үчүн жаңы турак жай куруудан баш тартууга үндөдү.

Жолугушууга Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон, БУУнун Башкатчысы Пан Ги Мун жана Еврокеңештин эл аралык иштер боюнча башчысы Кэтрин Эштон катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG