Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:50

“Ак шумкар” партиясынын өкүлдөрүн милиция бошотту


“Ак шумкар” партиясынын бир өкүлүн милиция кызматкерлери Ош базарында, дагы бирөөнү Аламүдүн базарынан кармап кеткен. Бул тууралуу аталган партиянын катчысы Калиман Намазалиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алар 23-март, Ынтымак курултайы учурунда Улуттук филармония алдында боло турган партиянын жолугушуусуна чакыруу баракчаларын таратып жүрүшкөн. Партия өкүлдөрү Ленин жана Свердлов райондук прокуратураларында түшүнүк кат жазышкан. Күч органдары менен жолугушууга партия лидери Темир Сариев барган соң гана алар эскертүү алып, бошотулган. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG