Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Ирак: Киркукта күрттөр утулду


Багдад -- Шайлоонун ырасмий толук жыйынтыгы дагы эки аптадан соң жарыяланат. Бирок бир дагы саясий бирикме үстөмдүк абалга жете албай турганы ушу тапта эле белгилүү болуп калды.
Багдад -- Шайлоонун ырасмий толук жыйынтыгы дагы эки аптадан соң жарыяланат. Бирок бир дагы саясий бирикме үстөмдүк абалга жете албай турганы ушу тапта эле белгилүү болуп калды.

Иракта 7-марттагы жалпы элдик шайлоонун алгачкы маалыматтары дайын болду. Күтүүсүз натыйжалар арасында түндүктөгү Киркукта күрттөр саясий үстөмдүгүн жоготкону сенсация деп айтылууда.

Киркукта, атап айтканда, экс-премьер Аяд Аллавинин либералдык-патриоттук "Ал-Иракия" блогу 61 проценттей добуш алды. Бул бирикмени негизинен региондогу араптар, түркмөндөр жана башка майда улуттун өкүлдөрү колдошту. Муну алар мунайга бай Киркукту күрт автономиясына кошуп алууну көздөгөн пландын ойрон болушу катары баалашты. Өзгөчө жергиликтүү түркмөндөр буга кубанганын жашырышкан жок.

Ирак түркмөн фронтунун тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Хичран Казанчи билдиргендей, "түркмөндөр шайлоодо ар кайсы коалицияга кошулушканы менен негизги жана башкы маселеде бирдиктүү. Айрыкча Киркуктун келечектеги статусуна байланышкан маселеде, анын аннексияланышына каршы турууда баары оппозицияга биригишти. Алар ошондой эле түркмөн тилинин ырасмий тилдердин бири катары таанылышын жапырт жакташат".

Өткөн шайлоодо Киркуктагы түркмөн жана арап калкы добуш берүүгө катышкан эмес. 2008-жылы провинцияда бийликтеги кызамттар бөлүштүрүлүп, губернатору күрттөрдөн, анын бир орунбасары түркмөндөрдөн жана бири араптардан болсун деген жобо бекитилген соң гана быйылкы шайлоодо добуш бермек болушкан.

"Эркин Ирак" радиосунун кабарчысы Симира Балай шайлоонун натыйжасы күрттөрдүн шаабайын катуу суутканын тастыктады. "Күрт коалициясы шайлоодо үстөмдүк абалга жетишерине бөркүндөй ишенип алган эле, бирок "ал-Иракиядан" олуттуу сокку жеди",-дейт ал.

Киркук Кеңешиндеги күрт фракциясынын башчысы Рижгар Али үч тайпанын ортосунда атаандаштык бар экенин моюнга алды жана провинциянын проблемасы Ирактын негизги мыйзамында аныкталган жобого жараша чечилет деп билдирди.

Бирок Киркуктан көп добуш алган түркмөндөр менен араптар конституциянын тийиштүү эрежесин Багдадда жалпы улуттук парламентте өзгөрткөнгө аракет кылары калетсиз. Муну Киркук губернаторунун арап орунбасары Ракан Саид бышыктады. "Эки тараптын ортосунда мунаса таба турган жагдай түзүлдү. Түркмөндөр менен араптар бир бөлөк, күрттөр бир бөлөк саясий бирикмеге ажырап кетишти. Маселени эми сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө болот",- дейт ал.

Аллавинин "ал-Иракия" коалициясы жалпы эсепте премьер Нури ал-Маликинин саясий бирикмесинен биртке айрымачылык менен гана экинчи орунга чыгарын байкоочулар кадиксиз иш деп эсептешүүдө. Мындан тышкары парламентке башка фракциялардан өткөн күчтөрдүн арасында араптар көптүк кыларын эске алганда, кокус Киркуктун маселеси каралып калса, алар кимдерди колдой турганын азыртан эле айтууга болот.

XS
SM
MD
LG