Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Президент Бакиев Ынтымак курултайына катышат


Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда Ынтымак курултайы 23-24-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда өтүп, анын ишине 750 делегаттан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, тармактардын, борбордук органдардын жетекчилери катышат.

Курултайга шайланган 750 делегаттын 545 и аймактык бирдиктерден, 35и чет өлкөлүк мигранттардан, 20сы диний жамааттардан шайлангандар, 150сү президенттин квотасына ылайык чакырылгандар. Курултайдын делегаттары эки жылдык мөөнөт менен шайланат деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Маалыматка караганда Ынтымак курултайы президенттин аныктамасына алайык жылына бир жолу чогулат. Диологдорду ишке ашыруу, бийлик менен элдин ортосунда байланыш орнотуу, өлкөнү, региондорду өнүктүрүүдө улуттук ынтымакка жетишүү өңдүү милдеттерди аткарат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG