Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Орусияда экологдор Байкал көлү боюнча орус өкмөтүн сотко беришти


Оппозициядагы «Солидарность» кыймылынын Иркутскидеги бөлүмү жана жергиликтүү «жашылдар» өлкөнүн Жогорку сотуна арыз жолдоп, өкмөттүн Байкал көлүндө кагаз жасоочу ишкананы кайра ишке киргизүү чечимин күчүнөн кетирүүнү суранышты. Байкал дүйнөдөгү эң ири тузсуз суу бассейни саналат. Январь айында премьер Владимир Путин аталган ишканага таштандысын көлгө таштоого кайра уруксат берген жардыкка кол койгон. Активисттер мындан жергиликтүү флора менен фаунага зак кетип, ошондой эле жергиликтүү элдин таза айлана-чөйрөдө жашоо укугун бузуп жаткандыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG