Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Таиландда демонстраттар баш калаада авто жүрүш жасашты


Өкмөттү кулатуу аракетине колдоо топтоону көздөгөн мотоцикл минген, машина айдаган миңдеген демонстрант Бангкоктун көчөлөрү аркылуу өттү. Мунун алдында оппозиция өкүлдөрү өздөрүнүн канын чакаларга куюп келип, премьер-министр Абхисит Вежа-живанын штаб-квартирасын канга боешкон эле. Оппозиция өкмөттү куралдуу төңкөрүштө бийликке келгени үчүн айыптап, мурдагы өкмөт башчысы, сүргүндөгү Таксин Шинаватра катыша ала тургандай шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG