«Назар» гезитинин редакциясынын эшигин 20-мартка оогон түнү белгисиз адамдар сындырып киришип, ичин тинтүүгө алышты. Муну гезит кызматкерлери эртең менен редакцияга келип байкашкан. Биринчи Май РИИБсине бул окуя жөнүндө билдирилгенден кийин, милиция кызматкерлери редакцияга келип, текшерип кетишти.