Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

“Алиби” “Ачык саясатты” алмаштырат


Аталган гезиттердин ээси Бабырбек Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда 26-мартта “Алиби” гезити жарык көрөт. Бул гезит басууга тыюу салынган “Ачык саясат” гезитинин салтын улайт. “Назар” гезитин окурмандарга жеткирүү үчүн башка аталыштагы гезиттер менен да сүйлөшүү жүрүп жатат деп билдирди Жээнбеков. 19-мартта Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде “Назар” жана “Ачык саясат” эркин гезиттерин чыгарууга убактылуу тыюу салган. Башкы прокуратура бул гезиттерге президент Курманбек Бакиевдин беделине доо кетирди деген айып коюп, 5 млн. сом доо коюуну көздөп жатат.

Бабырбек Жээнбековдун карамагындагы дагы бир гезит “Алиби” болсо президенттин жакын тууганы тууралуу жалган маалымат таратты деп, 2008-жылы 1 млн. сом доого жыгылып, бул каражатты төлөп бергенден кийин кайра чыга баштаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG