Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Йеменде мусулман аялдар мыйзам долбоорго каршылык билдиришти


Йеменде мусулман аялдар жаш кыздарды турмушка берүүгө тыюу салынышына каршы чыгышты. Йемендик миңдеген хижабчан аялдар парламент алдында чогулуп, 17ге чыга элек кыздардын күйөөгө чыгышына тыюу салган мыйзам долбоорго каршылык билдиришти. Алар колдоруна “Алла уруксат берген нерсеге тыюу салба” деген плакаттарды көтөрүп турушту. Йемендин жакырчылыкта жашаган алыскы аймактарында жашы жетек элек кыздарды күйөөгө берүү кадимки көрүнүшкө айланган. Былтыр 12 жаштагы йемендик кыз төрөт маалында чүрпөсү менен кошо каза тапканда маселеге эл аралык коомчулуктун көңүлү бурулган.

XS
SM
MD
LG