Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

АКШ: саламаттык системасын реформалаган мыйзам долбоор жактырылды


АКШнын Өкүлдөр палатасы өлкөнүн саламаттык системасын реформалаган мыйзам долбоорду жактырды. Буга чейин Сенатта жактырылган долбоор президент Барак Обаманын АКШнын медициналык системасын өзгөрткөн тарыхый документи катары бааланууда. Обаманын саясий келечеги үчүн мааниси зор мыйзам демократтар басымдуулук кылган палатада 219 добуш менен бекитилди. Бул мыйзамдын аркасы менен 32 миллиондой АКШ жараны медициналык камсыздандыруу системасына кошулат. Талкуу өтө кызуу маанайда өттү, анын алдында сөз алган Барак Обама “30 миллиондой америкалык медициналык камсыздоодон куру жалак отурганда, Конгресс менен бир жылга созулган сүйлөшүү өтө ыплас маанайда болгонуна” терең нааразылыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG