Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Кытайдын бийликтери Гугл компаниясы сөзүнө турган жок деп сынга алды


Расмий Бэйжиндин өкүлү АКШда жайгашкан Гугл интернет-компаниясы кытай тилдүү булактарда цензураны токтотуу чечими менен мурда Кытай бийликтерине жазып берген убадасынан кайтты деп билдирди. Гугл компаниясы дүйшөмбүдө кытай тилиндеги башкы интернет сайтынын кардарларын Гонконгдо жайгашкан порталды пайдаланууга үндөп, ал аркылуу Кытайлык цензураны буйтап өтүүнү сунуш кылган. Расмий Вашингтон Гугл менен Кытай өкмөтү ортодо мунаса таба албаганына өкүнүчүн билдирип, президент Барак Обама интернеттеги эркиндикти коргоо өтө маанилүү иш деп ишенээрин белгиледи.

XS
SM
MD
LG