Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Ошто митингдин уюштуруучуларын милиция камакка алды


Аймактагы кабарчыбыздын маалымдаганы боюнча Ош шаарындагы бийликке нааразы митингдин уюштуруучулары: “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев, И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Абдыкайым Кангелдиев Ош шаардык милиция бөлүмүнө алынып кеткени кабарланууда. Алар менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Ушул тапта “Семетей” кинотеатрынын алдына митингге катышуу үчүн жүзгө чукул киши чогулду. Чогулган элге ШИИБ башчысы келип чогулуп, митинг сыртка өткөрүлө турган болсо чара колдонорун эскертти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG