Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Медиа уюмдарды ММК абалы кооптондурууда


Бүгүн Кыргызстандын Медиа өкүлү Акмат Алагушев менен “Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев маалымат каражаттарынын азыркы абалына баа беришти. Алардын “АКИпресс” агенттигинде уюштурулган пресс-конференцияда билдиргендерине караганда ушу тапта Кыргызстанда масс-медианын ахыбалы оор. Жеке журналисттерге кысымдар эми маалымат каражаттарына карата уланууда. Мыйзамсыз токтотуулар, жабуулар, тосуулар, гезиттерди каттабай коюулар кадырэсе көрүнүшкө айланып, азыркы бийликтин ММКга кысымы күчөп, мурдагы бийликтин ыкмалары кайталанып жатат.
Мындай билдирүүнү маалымат каражаттарынын укуктарын коргоочулар “Азаттык” үналгысын уктуруулардын токтотулушу, “Форум” гезитинин 7 миң нускасынын күч менен тартып алынышы, “Назар”, “Ачык саясат” гезиттеринин жабылышы, “Фергана ру”, “Центразия.ру”, “Белый парус”, “Живойжурнал” интернет сайттарынын тосмолонушу өңдүү фактылар менен негиздешти. Муну укук коргоочулар көз карандысыз маалыматтарды элге жеткирбөө аргасы катары баалашты. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG