Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

“Ак шумкардын” мүчөлөрү сотко апкелинди


Ушул тапта 19 киши Биринчи Май райондук сотуна апкелинип, алардын үстүнөн административдик иш карала турган болду. Соттун имаратына журналисттерди, укук коргоочуларды киргизбей жатышат. Сотко Акыйкатчы Турсунбек Акун да келди. Ал буга чейин Биринчи Май райондук ИИБнын жетекчилиги менен кармалгандарды бошотуу тууралуу сүйлөшкөн, бирок “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев жана башка кармалгандар иш сот аркылуу чечилүүсүн талап кылышкан.
Биринчи Май райондук сотунун жанында эртең менен кармалгандардын бошотулуусун талап кылып жүзгө чукул киши турат, ошол эле жерде союл менен куралданган милициянын атайын отряды бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG