Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Б. Жакиев: Бизде азыр ыйман качып, дүнүйөкорлуктун торуна чалындык


Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев мындай сөзүн бүгүнкү Ынтымак курултайында сүйлөдү. Ал кыргыз эли материалдык эмес, руханий байлык топтоп келгени үчүн ушунча жыл сакталып келе жатканын белгиледи. “Көр оокат жыйнаган мамлекеттер ың-жыңы жок жоголду. Алар дүнүйө чогултуп, өз баштарын өздөрү жуткан. Өзүмчүлдүк күчөгөндө барып-барып ал эл эл болуудан калат. Улуттук ар-намысыбызды чыңдоо керек. Бул боюнча атайын мамлекеттик программа иштелип чыгуусу зарыл. Ошондо гана мекенчил, эмгекчилдик жакшы сапаттар жогорулайт. Өзүбүздү өзүбүз сыйлабагандыктан бизди башкалар теңсинбей жүрөт”, - деди Б. Жакиев. Ал ошондой эле “Манас” эпосу баш болгон калган бардык оозеки чыгармаларды, дастандарды сактоо, өнүктүрүү, жайылтууну колго алып, программа кабыл алуу, Мамлекеттик тил комисиясы, Маданият агенттиги жана Мамлекеттик архив жана ЮНЕСКО иштери боюнча кызматынын макамын төмөндөтпөө сыяктуу сунуштарын айтты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG