Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Министрлердин эл менен иши жок


Бул тууралуу Ынтымак курултайынын Ат-Башыдан келген делегат Калыбек Арабаев билдирип, бир дагы министр ушуга чейин айыл чарба тармагынын өнүгүп жатканына кызыгып койбогонун айтып кетти. Анын айтуусунда азыр малчы-чабандар да, дыйкандар да өз киндиктерин кесип, тырмышып жатат. Ал президенттен министр, аким, губернатор, айыл өкмөттөрдүн ишин тыгыз көзөмөлдөөсүн өтүнүп, кыйынчылыктын баары карапайым элдин жонуна түшүп жатканын баса белгиледи. “Нарындан келген 22 киши менен тил табыша албаган соң, эмнеге премьер-министр болуп отурасыз?” деген суроону койду өкмөт башчыга К. Арабаев. Ал Д. Үсөновдон кыргызстандыктар алган айлык акы менен Казакстан, Орусиядагы айлык маянаны салыштырбашын талап кылды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG