Петровка башаламандыгына байланышкан соттун бүгүнкү отурумунда камалгандарды күнөөлү деп атагандардын бири Азамат Такырбашев баштапкы көрсөтмөлөрүнөн толук баш тартты. Мындай көрсөтмөдөн кийин мамлекеттик айыптоочулар күбөгө карата ачыктан- ачык коркутууларды жасашып, сот залында ызы-чуу орун алды. Ушундан улам адвокаттар, “тергөө учурунда мыйзамсыз аракеттер орун алып, күбөлөрдү коркутуп-үркүтүүлөр орун алганы ачыкталууда”,- дешүүдө. Ал эми 26-март күнү Петровка баш-аламандыгына байланышкан соттук териштирүүдө жыйынтыктоочу сөздөр сүйлөнөт. (JJ)