Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

А. Матубраимов: Бизде жасалма өсүү болуп жатат


Бул тууралуу “Кыргыз эл биримдиги” коомдук бирикмесинин мүчөсү, коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов бүгүн ынтымак курултайында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ал Кыргызстанда кадр саясатынын туура колдонулбай жатканы, жер-жерлерде айрым жетекчилердин соттолуп, абакта отуруп чыкканы тууралуу көп сөздөр болуп жатканына токтолду. А. Матубраимов мисал катары Нарын облусунун губернаторун айтты. Ошондой эле кен байлыктарды туура пайдалануу, электр энергиясынын кымбатташы, стратегиялык объектердин арзан баага сатылып кеткендиги элдин нааразылыгын жаратып жатканын айтты. Ал премьер-министр Данияр Үсөновдун “Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелекомду” бир долларга да сатууга болот” деген сөзүн сынга алды.(КЕ)

XS
SM
MD
LG