Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Сот “акшумкарчыларды” бошотту


Биринчи май райондук соту “Ак шумкар” партиясынын 20 чакты өкүлүн жана алардын тилектештерин бошотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын лидери Темир Сариев кабарлады. Анын айтымында, соттук жараянда Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар биримдигинин төрайымы Токтайым Үмөталиева менен Ташталиева аттуу жаран акталды. Калгандарына сот миң-эки миң сомдон айып салган. Сот аларды мыйзамсыз, бийликтин уруксаты жок митинг өткөрдү деп айыптап жатат.

Ынтымак курултайынын катышуучулары менен жолугушууну каалаган “Ак шумкар” партиясынын жана ага тилектештигин билдирген бейөкмөт уюмдар биримдигинин өкүлдөрүн бүгүн эртең менен Улуттук филармониянын алдынан милиция кармап кеткен. Бул жолугушууга башка дагы саясий партиялардын өкүлдөрү чыккан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG