Бирок ага байланыштуу борбордо атайын эч кандай иш-чара өткөрүлбөйт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ыңкылаптын беш жылдыгынын алдында президент Курманбек Бакиев “Март ыңкылабы: элдин тарыхый тандоосу” жарыялады. Анда автор ыңкылаптын мыйзам ченемдүү көрүнүштөрүн жана өзгөчөлүктөрүн жазып, анын максаты авторитардык башкарууну сындыруу жана саясий багытты өзгөртүү, өлкөнү чыныгы демократиялык жолго түшүрүү болгонун белгилеген. (AiT)