Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Биринчи май райондук соту 16 кишиге айып пул салды


23-мартта Бишкекте Ынтымак курултайынын делегаттары менен жолугушууга аракет кылган “Ак шумкар” партиясынын жыйырманынын тегерегиндеги активисттин милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Тартип коргоо органдары алар санкцияланбаган пикет өткөрүүгө аракет жасашты деп айыптап, ишти Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Райондук сот кармалгандар ичинен 16 кишиге бир миң, эки миң сомдон айып пул салып, абактан бошотту. Ал эми Токтайым Үмөталиеваны жана Ташталиеваны актады. Бул тууралуу “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, алар Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн 25-мартта Бишкек шаардык сотко кайрылат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG