Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Вести: "Кыргызстанды коррупция, тууганчылык чырмады"


Кечээ Орусиянын “Вести” телеканалы Кыргызстанда өтүп жаткан Ынтымак курултайы, президент Курманбек Бакиев менен анын уулу Максим Бакиевдин, оппозициянын иш-аракеттери тууралуу макала даярдады. Анда өлкө башчы уюштурган Ынтымак курултайы учурунда Бишкекте жана жер-жерлерде нааразылык иш-чаралары өтүп жатканы, калк тарифтердин эселеп өсүшү, мамлекет үчүн баалуу объектилердин сатылып жатышы, күч алган кымбатчылык менен президенттин уулу Максим Бакиевдин жогорку кызматты ээлегени айтылат. Ошондой эле Орусиядан алынган 300 млн. доллар насыянын чоо-жайы белгисиз бойдон калганы, Кыргызстан Орусиядан алыстап, Вашингтонго ыктап атканы, буга далил катары түштүктө АКШнын аскерий базасы ачыла тургандыгы айтылган. Толугу менен Вести.Ру сайтынан окуңуздар. (AiJu)

XS
SM
MD
LG