Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Бишкекте спорт боюнча мелдештер өтүп жатат


Март окуясынын беш жылдыгына арналган иш-чарага жыйырмадай спорт федерациясынын өкүлдөрү катышууда. Анда тогуз коргоо, ордо, шахмат, аркан тартмай өңдүү мелдештер шаардагы төрт район арасында жүрүп жатат. Мындан туура беш жыл мурун дал ушул күнү Кыргызстанда бийлик алмашкан. Ак үй күч менен алынып ошол кездеги президент Аскар Акаев өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон. Президент Курманбек Бакиев кечээ Ынтымак курултайда сөз сүйлөп 24-марттагы окуяны Кыргызстандын тарыхындагы чоң бурулуш деп атады. Эл эркиндикке, демократияга болгон эркин даңазалады деп билдирди. Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр болсо ыңкылапка арткан үмүттөр акталбай калганын, өлкө демократиялык өнүгүүдөн кыйла артка чегингенин айтып келишет. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG