Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:39

Нарында март окуясынын 5 жылдыгы белгиленди


Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында болгон аземге негизинен бюджетте иштеген кызматкерлер катышты. Мында келгендерди бир гана облус губернатору Алмазбек Акматалиев куттуктап, 2005-жылдын 24-март окуясын элдин мүдөөсү менен болгон революция деп баалады. "Өткөн 5 жылда алдыга жылуулар болду, көйгөйлөр да бар. Негизи ички меселелер чечилет. Бирок башкысы бийлик элди, эл бийликти уга билиш керек. Мен кыргыз мамлекетинин дүйнөнүн саясый картасынан өчүп калуусуна макул эмесмин. Биз өзүбүздү өзүбүз басмырлаганды токтотолу»,-деди губернатор. Бирок эл арасында айрым жарандар бул күндү март революциясы эмес, бийликти басып алган күн деген пикирлерин айтышууда. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG