Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

К. Бакиев: И. Исаков сын көтөрө албай кызматтан кетти


Президент Курманбек Бакиев бүгүн курултайды жыйынтыктап жатып мурунку коргоо министри Исмаил Исаковдун сегиз жылга эркинен ажыратылышы боюнча пикирин биринчи жолу коомчулука билдирди. И. Исаков Коопсуздук кеңешинен катчысы болуп турган маалда кайсы бир кеңешмеде чогуу иштегендердин көзүнчө сын айтканын, ал сынды көтөрө албай чыгып кеткенин, анын үстүнөн кылмыш иши козголуп жатканын укпай калганын айтты. Сүлөшүүгө чакырса макул болбой койгонун кошумчалады. К. Бакиев И. Исаковдун иши боюнча прокурор менен сүйлөшкөнүн, “тим эле койгула”, дегенге чейин барганын белгиледи. Мыйзам жол берсе анын маселесин карап көрөрүн айтты. Мурунку коргоо министри И. Исаков коррупция боюнча айыпталып ушул жылдын 11-январында сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда К. Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясаты менен макул эместигин билдирип кызматтан кетип, келишкис оппозицияга өткөн болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG