Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Ынтымак Курултайдын чечими кабыл алынды




Бүгүн, 2010-жылы 24-мартта, Ынтымак Курултайынын экинчи күнү, ишин аяктаар алдында делегаттар Кыргызстан элинин Ынтымак Курултайынын чечимин кабыл алышты. Чечимди негиз катары кабыл алып, аны талкуулонунун жүрүшүндө делегаттар тарабынан айтылган сын-пикирлер менен сунуштарды иштеп чыгып, киргизүү милдети Ынтымак Курултайынын төркеңешине жүктөлдү. Негиз катары кабыл алынган Кыргызстан элинин Ынтымак Курултайынын чечиминин тексти:

"Биз, Курултайдын делегаттары, Кыргызстан элинин Ынтымак курултайы сыяктуу элдик кеңешүү органынын түзүлүшү, эгемендүүлүгүбүздү жана анын демократиялык негиздерин чыңдоого зарыл жана майнаптуу кадам деп эсептейбиз.
Биз Ынтымак Курултайын, улуттук саясат маселелери боюнча Президентке сунуштарды иштеп чыгуучу ар дайым аракетте боло турган механизмге айлантуу идеясын толугу менен колдойбуз.
Биз Курултайдын Төркеңешине Курултайдын отурумдарынын ортосундагы аралыкта делегаттардын жемиштүү иш алып баруусун камсыз кылуу үчүн керектүү документтердин топтомун иштеп чыгууну тапшырабыз.
Биз, Кыргызстан элинин Ынтымак Курултайынын делегаттары, өлкөдөгү абалды жана анын өнүгүү көйгөйлөрүн эркин жана кызыгуу менен талкуулап төмөнкү чечимдерди жана Президент менен Өкмөткө сунуштарды кабыл алдык:
· Кыргыз Республикасынын Президентинин Өлкөнү жаңылоо боюнча багытын өткөрүүгө жумшаган күч-аракеттери колдоого алынсын
· Элдин, ар түрдүү кызыкчылыгы бар топтордун мамлекеттик саясатты талкуулоого жана ишке ашырууга катышуу формасын кеңейтүү улуттук саясаттын жана демократиялаштыруу жараяндарынын башкы багыты болуп эсептелсин
· Өлкөбүздүн биримдигин бекемдөө, уруулук жана улуттук айырмаланууларга басым жасоодон баш тартуу жана Кыргызстандын бирдиктүү элин түзүү зарылдыгына Президенттин жана биздин жалпы элибиздин көңүлү өзгөчө бурулсун
· Президентке башкаруу реформасын улантуу, аны жер-жерлерде жемиштүү башкаруу түзүүгө чейин жеткирүү сунушталсын
· Мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара карым-катнашы саясаты кайра каралсын
· Элдерди бөлүп-жарган жана коомду модернизациялоого жолтоо болгон салттардан баш тартылсын
· Бар салттарга колдоо көрсөтүү жана маданий мурастарды сактоо күчөтүлсүн
· Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизге колдоо көрсөтүү иш-аракеттери улантылсын
· Бейөкмөттүк уюмдар, алардын ичинде укук коргоочулар менен такай карым-катнаш түзүлсүн
· Улуттун саламаттыгын сактоо, билим берүү жана жаштардын келечегин жакшыртуу боюнча комплекстүү программалар иштелип чыгып ишке ашырылсын
· Биздин чарбанын маанилүү багыттары болгон көмүр өндүрүү жана агрардык секторлорун модернизациялоого өзгөчө көңүл бөлүнсүн
· Региондорду өнүктүрүүнүн эффективдүү программалары түзүлсүн
· Өкмөткө рационалдуу жана ар түрдүү топтордун жагдайын эсепке алган тариф саясатын иштеп чыгуу тапшырылсын.
Курултайдын делегаттары биздин элибиздин жана коомубуздун жыргалчылыгы үчүн өлкө жетекчилиги жана Кыргызстандын бардык атуулдары менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүттөнгөнүн билдиришет.

XS
SM
MD
LG