Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Көз карандысыз ММКнын редакторлору биригиши мүмкүн


Бүгүн Бишкекте медиа уюмдардын, көз карандысыз маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн жыйыны өттү. Анда өлкөдөгү басма сөз эркиндигин чектеген көрүнүштөр, "Азаттык" үналгысынын бир топ аймактарда уктурулбай калышы, белгилүү Интернет сайттардын ачылбай жатышы, гезиттердин камалып жабылышы, журналисттерге кол салуулар боюнча талкуу болду. Мындай көрүнүшкө каршы туруу үчүн редакторлор биригип, чогулуп турушу керектиги айтылды. Жыйында ММКларды кайрадан каттоо боюнча мыйзам долбоор иштелип жатканын, бийлик мунун менен өзүнө жакпагандарын жаап салуу ниети бар деп айтылып, мындай аракеттерге каршы болушту. Жыйынга президенттин катчылыгынын өкүлдөрү чакырылган экен, бирок алар келишкен жок. Расмий бийлик өлкөдө сөз эркиндиги чектелди деген сөздөрдү жокко чыгарып келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG