Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:07

Н. Мотуев: Компьютерлерди сотко ишенбеген үчүн талкаладым


“Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери, президенттикке экс-талапкер Нурлан Мотуев “Учур” эркин гезитинин эки компьютерин талкалап салганын тастыктады. Мыйзамсыз мындай кадамын Мотуев аны гезит бир жактуу каралап келатат деп жана сотко ишеним артпаган үчүн деп негиздеди. “Ушундай эле жалган жалаа, каралоону “Пресс.кж” жазганда сотко берип, Биринчи май райондук сотунун судьясы Мырзалиева деген айым волокита кылып, алты-жети айга созулуп кеткен” деди “Азаттыкка”.
Бүгүн эртең менен “Учур” эркин гезитинин баш редактору Асланбек Сартбаев Нурлан Мотуев редакцияга таандык төрт компьютерди белгисиз себептер менен талкалап кетти деп билдирген.
Бул окуяны бүгүн түшкө чейин Бишкек шаардык жана Октябрь райондук милициясы жеринде текшерип, териштирүүгө киришти. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG