Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Кургак учуктун көрсөткүчтөрү опурталдуу бойдон калууда


Мындай маалымат бүгүн Кургак учуктун дүйнөлүк күнүнө карата “Кабар” агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында айтылды. Кургак учукту дарылоо боюнча улуттук борбордун башчысы Автандил Алишеровдун маалыматына караганда жылына бул илдет менен жабыркаган 5 миң 300 адам катталат. Алардын ичинен камак жайларда 2 жарым миңге жакын оорулуу отурушат. Булардан тышкары кургак учук менен жабыркагандар эмгек мигранттарынын арасында да катталууда. Былтыр кургак учук менен ооруган эмгек мигранттарынын саны 490го жеткен. Маалымат жыйынында айтылганга караганда кургак учук СПИДдин ВИЧ инфекциясы менен жабыркагандар арасында да бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG