Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:47

Москвада 50дөй кыргызстандык мигрант кармалды


Бул тууралуу “РИА новости” агенттиги Москвадагы Федералдык миграциялык кызматтын өкүлү Залина Корниловага шилтеме жасап жарыялады. З. Корнилованын маалымдашынча, кыргызстандык мигранттар Брюсов чолок көчөсүндө жашашчу. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров “Азаттыкка” учурда кыргыз мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевди коштоп жүргөнүн, бул маалыматты тактай турганын айтты. Расмий маалымат боюнча Орусияда беш жүз миңдей кыргызстандык мигрант бар, бейрасмий булактарга ылайык, алардын саны жумуш кычап турган убакта бир миллионго чейин барат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG