Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Оппозиция элдик бийлик орнотуу аракеттерин баштады


Элдик Курултайды уюштуруу комитети аймактык курултайларды өткөрүүгө камылгаларды баштады. Бул максатта бүгүн жер-жерлерге активисттер жөнөп кетишти. "Элди-жерди Бакиевдерге. Гуревичтерге, Елисеевдерге талатып коюп жүрө беребизби же 2005-жылдагыдай эл бийликти кайрадан өзүнө алабы? Эл чечсин" деп билдирди бүгүн “Азаттыкка” берген интервьюсунда БЭКтин жана СДПнын лидери Алмаз Атамбаев.
17-марттагы Элдик курултайда оппозиция бийликке 7 талап коюп, аны аткарууга 24-мартка чейин мөөнөт берген. 23-24-мартта өткөн Ынтымак курултайын кайырлуусунда президент Курманбек Бакиев элдешкис оппозицияны “Биздин оппозиция альтернативдүү программаларды коомго сунуш кылуунун ордуна, жалаң сындоо, каралоо менен алек болуп келатышат” деп кескин сындаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG