Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Бүгүн Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча Өмүрбек Текебаев сурак берет


Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, аны Казакстан полициясы Казакстан аймагына чакырып, Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча көрсөтмө берүүнү өтүндү. Ошондуктан ал бүгүн Казакстанга барат.
Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк өткөн жылы 16-декабрда Алматыда алтынчы кабаттан ыргытылып, 22-декабрда көз жумган. Казак тарап бул ишке Кыргызстандын атайын кызматтары тиешеси бар экенин айткан. Бирок кыргыз тарап аны четке каккан. Геннадий Павлюк акыркы мезгилде “Ата Мекен” партиясы менен кызматташып келген.(AiT)

XS
SM
MD
LG