Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Америкада интернетте каракчылык кылган жигит 20 жылга соттолду


28 жаштагы Альберт Гонсалес АКШдагы ири компаниялардын акчасын интернет аркылуу уурдап байыган. Ал жетектеген хакерлер тобуна Орусия, Украиналык виртуалдык каракчылар кошулган. Сотто алардын интернеттеги каракчылыгы бир нече банк, ири соода компаниялары жана камсыздоо фирмаларына 200 миллион долларлык жоготуу алып келгени айтылды. Гонсалес күнөөсүн мойнуна алып, жеке өзү уурдалган кредиттик карталар аркылуу 3 миллион доллардай акчаны кымырып алганын айтып берди.

XS
SM
MD
LG