Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

"Бишкек консенсус" экономикалык изилдөөлөр институтунун эсептөөсүнө караганда, Кыргызстанда жыл сайын той-топур, аш-тойлорго 40 миллиард сомдон ашык каражат сарпталат. Бул көрсөткүчтөрдүн көп пайызы үйлөнүү үлпөт тойлоруна туура келет.

Орто эсеп менен алганда бир орто деңгээлдеги үйлөнүү үлпөтүнө кеминде эле 100 миң сомдон ашык каражат жумшалат. Көп чыгым талап кылган үлпөт тойлорду өткөрүүгө кыргыз жаштарынын көбү каршы. Ошол эле учурда тойду тойдой кылып, дүңгүрөтүп өткөрүү керек деген замандаштар да бар.

Бишкек шаарынын тургуну 22 жаштагы Жакыпбекова Айгерим учурда үй-бүлөлүү. Мындан жарым жыл мурда дүркүрүгөн үлпөт той менен турмушка чыккан. Ал үлпөткө орто эсеп менен 150 миң сомдой акча каражаты сарпталган. Айгерим, үйлөнүү үлпөтү жашоодо бир гана жолу болгондуктан мыкты деңгээлде той өткөргөн жакшы дейт:

-Үлпөт тоюбузда башка чыгымдарды эсептебегенде, кафеге эле 75 миң сом төлөнгөн. Дагы ошондой эле акча соютка, тамак-аш, кийим-кечектерге жумшалган. Көп чыгым менен үлпөт өткөрүү менин оюмча туура эле. Анткени чын эле эсте калат. Азыр деле биз видеодон үлпөт тойду көрүп, суктанып, жакшы эмоция болот, көргөндөчү... Ошондуктан жакшы эле окшойт чыгым чыгарган.

Айгерим Жакыпбекова белгилегендей, эгер туугандар арасындагы катыш жакшы болсо, тойго сарпталган акча өзүн акташы да мүмкүн. Ошол эле учурда тойго келгендер канчалык көп болсо ошончолук көп акча кетээри турган иш. Той-топурларда эрке бала болуп жүргөн Жылдызбек Турсунбаевдин айтымында, эрке балдар үчүн дүңгүрөгөн тойлордун өткөнү жакшы болгону менен кыргыз элинин азыркы абалына ашыкча чыгым туура келбейт:

-Ашыкча чыгашанын кереги жок да. Мисалы, бүгүн там тойду деле, сүннөт, тушоо тойду деле, жентек тойду деле тим эле бапыраңдатып 300-400 кишини чакырып алып бир кафеге батырып алып өткөрүп жатышат да. Албетте, колунда дарманы барлар өткөрө берсин. Аларга эч нерсе айтпайм. Бирок, дарманы жоктор дагы, казга теңелем деп, карганын буту сыныптыр болуп аракет кылып ийине жетпей калган, толук кандуу өтпөй калган, кыйналып калган учурларга кезигип күбө болгон учурлар бар.

Ар кандай салт-санаалардагы чыгымдарды кыскартуу боюнча Таджикистандын жүргүзгөн саясаты жакшы натыйжаларды көрсөткөн. Маселен 2007-жылы аталган өлкөдө кабыл алынган «Каада-салттарды, салтанаттарды иретке салуу» боюнча мыйзам бир жарым жылдын ичинде карапайым калкка көп жеңилдиктерди берген. Ашыкча чыгымга жол бербеген бул мыйзам, өлкөдө 35 миң бодо малдын той-топурда союлуп кетишинен сактаган. Мындан сырткары тажик эли 1 миллиард сомониден ашык акчаны үнөмдөшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев мындай мыйзам Кыргызстанга да керектигин айтат:

-Сөзсүз түрдө мыйзам керек. Эгерде мыйзамды кабыл албасак, абдан чоң маселе болот. Менин оюмча, бул биринчиден биздин аксакалдардын, кыргыз интеллигенциясынын колдоосу керек. Дин уюмдарынын жетекчилери, массалык маалымат каражаттары да бул демилгени түшүндүрүү иштерине катышса жакшы болот. Негизи өзүбүздүн көз карашыбызды, өзүбүздүн мүнөзүбүздү өзгөртсөк, анда мындай мыйзам иштеп калаарына ишенем.

Алишер мырза белгилегендей аш-тойлордо ашыкча чыгымга жол бербөө үчүн кыргыз жапа тырмак аракет кылуу керек. Ал эми көп чыгым талап кылган тойлорду өткөрүүгө жаштардын көз карашы кандай? Бул суроо менен Бишкектин көчөлөрүндөгү жаштарга кайрылдык.

Мансур: - Менимче бул туура эмес. Эми досторуңду чакырып бир зыяпат берип койгон жакшы менимче. Бирок бир күндү эмес миң күндү караш керек, менимче.

Исмат: - Той деген жакшы нерсе. Той деп алып эле 15-20 жылга жете турган каражатты бир күндө чачып коюу туура эмес.

Гулнара: - Менин бул нерсеге көз карашым жакшы эле. Колунан келишинче чыгым кетириши керек деп ойлойм. Себеби ал тойду бардык эл-журт, туугандар көрөт. Мындан сырткары колдон келишинче даярдануу да керек.

Сурамжылоого катышкан көпчүлүк жаштар билдиргендей, кандай гана той-топур уюштурулбасын ар ким өзүнүн алына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша иш кылышы керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG