Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Тарифти көтөрүүнүн экинчи баскычы жыл жарымында болот


Бул тууралуу өкмөт башчы Данияр Үсөнов парламентте билдирди. Анын айтымында, пенсияларды жана айлыктарды көтөрүү боюнча маселе каралып жатат. Учурда пенсиянын орточо көлөмү 2 миң 600 сом болсо, үч жылда төрт миң сомго, бюджеттик мекемелерде айлыкты он миң сомго жеткирүү каралып жатканын белгиледи.

Өкмөт июль айында тарифтердин көтөрүлүшүнүн экинчи этабы белгилеп, ага ылайык бир киловатт электр энергиясы 1 сом 90 тыйын, бир гикакалорий жылуулук 2500 сом болоору айтылган.

Өкмөт башчы отун-сууга тарифтер көтөрүлгөндөн бери мурдагы төлөмдөргө караганда 64 пайыз каражат көп түшкөнүн, бул акчалардын көп бөлүгү ар бир компанияны оңдоого жана өнүктүрүүгө жумшоо боюнча апрель айында программа кабыл алынарын кошумчалады. Анын айтымында, “Кыргызтелекомго” тарифтер быйылкы жылы көтөрүлбөйт. (AJ)

XS
SM
MD
LG