Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Кантта маркум депутат Р.Шаботоевди эскерүү болду


24-мартта Жогорку Кеңештин СДП фракциясынан депутат, маркум Руслан Шаботоевдин элесине арналган иш-чара Кант шаарында өттү. Парламент депутаты Сагынбек Абдырахманов менен айыл өкмөтү Р.Шаботоевдин өмүр жолуна, саясий ишмердигине токтолуп, үнсүз бир минутага эскерүү болуп, Кыргызстандын гимни ырдалды. Бул тууралуу СДП фракциясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда иш-чарада Руслан Шаботоевдин уулу Тимур атасынын жазган ырынан окуп, асманга шарлар учурулган. Мектеп окуучулары үчүн ар кандай сынактар уюштурулуп, спорттук оюндар боюнча мелдеш өткөрүлгөн.

Руслан Шаботоев 2005-жылы март окуясында Ак үйдү активдүү коргогондордун бири болгон. Өкмөт үйүндө катылган курал-жарак жана чоң суммадагы акчаны бийлик өкүлдөрүнө өткөрүп берип, Ак үйдүн комендантына шайланган. 2007-жылы Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2008-жылы 30-сентябрда дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү бир жылдан кийин Аламүдүн районунун аймагынан табылган. Бул боюнча Биринчи май райондук сотунда соттук териштирүү иши жүрүүдө. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG