Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

СДП: Өкмөттүн отчету канааттандырарлык эмес


Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясы өкмөттүн отчету менен толук таанышып бүткөн соң ушундай тыянагын чыгарды. Фракция жетекчиси Роза Отунбаева өкмөттүн Кыргызтелеком менен “Түндүкэлектрону” талап-тоноо аркылуу менчиктештирүү аракети ишке ашкандыгын, менчиктештирүүгө карата өткөн сынак мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгиледи. Отунбаева стратегиялык объекттер арзыбаган баага сатылганын айтты. “Сынактын жыйынтыктары чыга элек жатып Кыргызтелекомдун жаңы кожоюндарынын пайдасына өкмөт бир топ токтомдорду кабыл алды. Ошондой эле бул жерде “Түндүкэлектро” бир да жоопкерчиликти өзүнө алган жок. Анын ичинде Бишкек ТЭЦин модернизациялоо үчүн да”, - деди Р.Отунбаева. Мындан сырткары депутат электр энергиясындагы жоготууларга токтолуп, президент Курманбек Бакиев жоготуу 40%, энергетика министри Ильяз Давыдов Жогорку Кеңешке келип 25% деп элдин башын айлантып жатканын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG