Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

“Ата Мекендин” лидери Ө.Текебаев Кордой ИИБне тергөөгө кирди


Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтеп жаткан Алматы шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү, милициянын подполковниги Тимур Стамкулов жетектектеген тергөөчүлөргө Өмүрбек Текебаев сурак берүүгө кирди. Бул тууралуу Казакстандын Кордой шаарчасындагы кабарчыбыз билдирди. Маалыматтарга караганда, бул маселе боюнча буга чейин казакстандык тартип коргоо органынын кызматкерлери Бишкекке келишкенде Өмүрбек Текебаев менен эки жолу жолугуп сүйлөшүшкөн болчу.
Өткөн жылы 16-декабрда окурмандарга Ибрагим Рустамбек деген ат менен белгилүү болгон кыргызстандык көз карандысыз журналист Геннадий Павлюк Алматыда көп кабаттуу үйдөн колу-буту жабышкан желим менен таңылып туруп ыргытылган. Алты күндөн кийин ал эсине келбей ооруканада көз жумган. (AJ)

XS
SM
MD
LG