Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Р.Отунбаева: Данияр Үсөновдун Гуревичке түздөн-түз тиешеси бар


СДП фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева эл аралык шылуун атыккан Евгений Гуревич менен премьер-министр Данияр Үсөнөвдун түздөн-түз байланышы бар деген пикирин бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди. Ал дал ошол Д.Үсөнөвдун тушунда Евгений Гуревичтин компаниясы Өнүктүрүү фондунун каражаттарын башкаруу үчүн тендерди утуп алгандыгын белгиледи. “Бул болгон факт. Ошондуктан бул олуттуу саясий баа берүүгө укуктуу”, - деди Р.Отунбаева. Фракция жетекчиси премьер-министрди жоопкерчиликти өзүнөн алып салып, кызматтан кетүүгө чакырды. Ал ансыз деле элге каршы көп маселелер өкмөттөн да жогору жактан чечилип жатат деген оюн айтты. Премьер-министр Данияр Үсөнов болсо Е.Гуревичке өкмөттүн эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.(КЕ)

XS
SM
MD
LG